Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:41

Каракол: секелек кыздарды уурдаган аял эки айга камалды


Караколдо өзүнүн жана кайын сиңдисинин кызын барымтага алып, акча талап кылган Айзада Рыскулова эки айга камалды. Мындай чечимди бүгүн Каракол шаардык соту чыгарды. Эми Рыскулова тергөө иштери соңуна чыкканга чейин Каракол шаарындагы №3 тергөө абагында болот.

Айзада Рыскулова 11-мартта өзүнүн жана кайын сиңдисинин кызын уурдап, кийин алар үчүн 10 миң доллар, 300 миң сом талап кылган. Алдын ала маалыматка караганда, кылмышка шектүү аял банктагы ири суммадагы карызын төлөө үчүн ушундай жол менен акча табууну чечкен.

Ал эки кызды Кызыл-Суу айылындагы кароосуз калган кашарлардын бирине алып барып колу-бутун таңып, камап койгон. Уурдалган кыздар 7 жана 8 жашта. Эки кыз бир суткадан кийин бошотулуп, ата-энелеринин колуна өткөрүлүп берилди. (AsА)

XS
SM
MD
LG