Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

ЕБ өзбек бийлигин камактагы укук коргоочуларды бошотууга чакырды


Өзбекстандын желеги.
Өзбекстандын желеги.

Европа биримдиги Өзбекстан өкмөтүн камакта жаткан укук коргоочуларды, журналисттерди жана жарандык активисттерди боштондукка чыгарууну сунуштады.

"Өзбекстандагы Европа биримдигинин делегациясы жана биримдикке мүчө өлкөлөрдүн Ташкендеги элчиликтери жакында камактагыларга мунапыс берүү боюнча чечимди карап чыкты. Жыл сайын жарыялана турган мунапыс камакта жаткан башка жарандарга да колдонуларына үмүт кылып жатабыз" деп жазылат баяндамада.

Өзбекстанда өткөн жылдын декабрында жарыяланган мунапыс менен 3135 киши камактан бошотулган. Жеңилдик менен эркиндикке чыккандар саны бир жыл мурункуга салыштырмалуу 202 кишиге аз. (SE)

XS
SM
MD
LG