Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:11

Тоң райондук Ички иштер бөлүмүнүн төрт кызматкери жана бир жөнөкөй жаран автокырсыктан мерт кетти. Алар 14-март күнү кызмат учурунда аварияга кабылганын “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, каза тапкандар ыкчам иликтөө тобунун өкүлдөрү болгон. Маңзатка байланыштуу кылмышты иликтеп жүргөн учурда алар келаткан “Тойота Виндом” унаасынын дөңгөлөгү чыгып кетип, жол четинде турган “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү кичиавтобусту сүзүп алган. Натыйжада төрт кызматкер жана алар менен бараткан жергиликтүү жаран көз жумган. Окуя Бөкөнбаев-Каракол жолунда болгон.

Каза тапкан кызматкерлердин аты-жөнү: Азамат Жунушалиев, Шүкүрбек Турдалиев, Сүйүнтбек Бакчиев жана Тилекмат Тойчубек уулу. Унааны Шүкүрбек Турдалиев башкарып келаткан. Бардыгы Ысык-Көл облусунун тургундары.

Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-мартта болорун “Азаттыкка” Тоң райондук милициясынан билдиришти. Коштошууга ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбай Касымбаев катышат. (SE\AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG