Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

Армения президенти Серж Саргсян ишемби күнү өлкөнүн парламенттик башкарууга өткөрүү боюнча конституциялык реформа концепциясын бекитти. Учурда Арменияда бийлик президенттик башкаруу системасында иштейт. ТАСС маалымат агенттиги жакын арада өлкөдө Баш мыйзамдын жаңы варианты жазыларын кабарлайт.

Саргсян парламенттик башкарууга өтүү боюнча референдум кайсы күнгө белгиленерин азырынча айта элек.

Армениянын Конституциясы 1995-жылдын 5-июлунда кабыл алынган. 2005-жылы өзгөртүлгөн. Баш мыйзамга ылайык, армян президенти 5 жылга шайланат. Кезектеги президенттик шайлоо 2018-жылга белгиленген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG