Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Кыргыз футболчулары украиналыктарды утту


Кыргызстан менен Украинанын футболчулары. Түркия, 14-март, 2015-жыл.
Кыргызстан менен Украинанын футболчулары. Түркия, 14-март, 2015-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курамасы Түркиядагы окуу-машыгуу оюндарынын алкагында Киевдин “Динамо” клубунун экинчи курамын 4:2 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан маалымдашты. Жолдоштук беттеш 14-мартта Анталия шаарында өттү.

Оюндун алгачкы бөлүгүндө кыргызстандыктар 2:0 эсебинде алдыга чыккан. Экинчи таймда дагы эки топту атаандаштарынын дарбазасына киргизген. Аларга жооп кылып Украина клубунун оюнчулары эки гол киргизип, бирок демилгени колго ала алышкан эмес.

Буга чейин кыргызстандык футболчулар Даниянын BSV клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүп жеңилип калган. Эми Беларустун жогорку дивизионунда ойногон “Слуцк” клубу менен беттешет. Кыргызстандын футбол боюнча Олимпиадалык курамасы 23-марттан 31-мартка чейин Пакистандын Лахор шаарында өтө турган 2016-жылдагы Азия чемпиондугунун тандоо оюндарына даярданып жатат. (ECh\SE)

XS
SM
MD
LG