Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:43

Алматыда эбола жукту деп шектелген адам дарыланууда


Либерия. Медицина кызматкерлери Эболага каршы күрөштү улантууда.

Либерия. Медицина кызматкерлери Эболага каршы күрөштү улантууда.

Эбола вирусун жуктуруп алган болушу мүмкүн деп шектелген жүргүнчү Алматыдагы аэропорттон түз эле ооруканага жеткирилгенин жергиликтүү маалымат булактары кабарлады. Бул маалыматты расмий булактар да тастыктады.

Ал Гвинеядан Стамбул аркылуу Алматыга келгени, Костанай облусунун Рудный шаарынын 37 жаштагы тургуну экени айтылууда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, дүйнө жүзүндө эбола дартынан каза тапкандардын саны 10 миң адамга жетти. Жуктуруп алып, илдет менен күрөшүп жаткандар 24 миңден ашат. Ооруп жаткандардын жана көз жумгандардын көбү Африкадагы Либерия, Гвинея жана Сьерра-Леон мамлекеттеринин жарандары. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG