Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Атамбаев Путин менен жолугушуу үчүн Орусияга кетти


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн бүгүн Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө жетекчилеринин жолугушуусу 16-мартка белгиленген.

Маалыматка караганда, президенттер бир күндүк сапардын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуу жараянын талкуулашат.

Он күндөй убакыттан бери 62 жаштагы Путин катуу ооруп жатат деген ушак-айың тараган. Ал арада бүгүн айрым абройлуу эл аралык басылмалар орус президенти “Кыргызстанга иш-сапар менен кеткени” тууралуу да жазып чыкты.

Кремлдин басма сөз кызматы Владимир Путиндин саламаттыгы жайында экенин билдирүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG