Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Абасы кордогон секелек


Педофилияга каршы Бишкекте өткөн акция
Педофилияга каршы Бишкекте өткөн акция

Нарын шаарында 12 жаштагы өспүрүм кызды зордуктады деген шек менен атасынын бир тууган иниси кармалды.

Нарын шаардык милициясынын кабарлашынча, кылмышка шектүүнүн мындай кадамга бир топ убакыттан бери барып жүргөнү жана ал беш убак намаз окуган адам экени аныкталды.

Январь айында да Нарын облусунда сегиз жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анда да кызды зордуктаган адам атасынын бир тууган иниси болуп чыккан эле.

12 жаштагы Батманын (белгилүү себептерден улам аты өзгөртүлдү) энеси ал бир жарым жашка чыкканда каза болуп калган. Ошондон кийин атасы кызын балдар менен чогуу чоңойсун деген максатта инисинин колуна берген.

Бирок атасынын бир тууган иниси көп жылдан бери кызды коркутуп, зордуктап жүргөнү аныкталганын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Орозбек Молдосариев билдирди.

- Бул кыз 4-класска чейин айылда, атасынын инисинин колунда жүргөн. Анын беш баласы бар экен. Атасы болсо Нарын шаарында турат. Кыз күзүндө атасына качып келген. Бирок ал киши Нарынга келип, ушундай ишке барып отурат. Кылмышка шектүү адам акыркы жолкусунда кыздын атасына телефон чалып, анын жумушта экендигин билгенден кийин өзүнүн кылмыштуу максатына жеткендиги тергөөдө аныкталды.

Ал эми Аалымдар кеңешинин Нарын облусундагы өкүлү Эрик Молдокуловдун билдиришинче, секелекти кордогон адам мечитке көп деле каттачу эмес, диний кызматкер болчу деген маалыматтар да туура эмес.

- Негизи мындай көрүнүш динде эки жүздүүлүк катары эсептелет. Анткени бул адам намаз окуйм деп, бирок ушундай жаман ишке барып отурат. Эгер чындап жүрөгүндө Кудай деген ишеним болсо, мындай жолго барбайт эле. Ал эми секелекти кордогон адамдарга шарияттын жазасы оор. Илгери мындай адамдарды ташбараңга алышкан. Балким мамлекет катураак жаза колдонсо, бул сыяктуу кылмыштар токтомок.

Ошол эле кезде мындай кылмыштардын коомчулукта өтө көп талкуулануусу да терс таасирин тийгизип жатат дегендер бар. Нарын шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын адиси Кылычбек Мамбеталиев:

- Азыр бул окуяны жалпыга маалымдоо каражаттары байма-бай айтып жатканын туура эмес деп эсептейм. Анткени аны уккан кээ бир адамдар "ушундай болуп жатыптыр, ушинтсе болот экен" деген түшүнүк менен кайра бул кылмыштуу жолго барып жатат деп ойлойм. Тескерисинче ЖМК жана мамлекет менен биргеликте бул маселени чечүүнүн жолдорун ойлонушса болмок.

Нарында акыркы эки жылда жашы жете элек балдарга күч колдонгон төрт факты катталган. Соңку учурда өлкөдө балдарга зомбулук жасаган, секелектерди зордуктаган учурлар көп байкалууда. Мындан улам Оштогу “Кыргыз журтум” коомдук фондунун мүчөлөрү балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө өлүм жазасын киргизүүгө кол топтой баштаганын билдирген. Бишкекте да балдар зомбулугуна каршы бир катар акциялар уюштурулган.

XS
SM
MD
LG