Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:46

ИИМ журналисттерди диний темаларды жазууда этият болууга чакырды


Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери. 2013-жыл, 8-январь.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери. 2013-жыл, 8-январь.

Экстремизм жана терроризм боюнча макала же берүү даярдоодо журналисттер кылдат болуп, абалдын чыңалышына жол бербеши керек. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев Ошто журналисттер менен жолугушкан учурда билдирди. Ал туура эмес чагылдырылган окуялар үчүн, же тыюу салынган уюмду пропагандалоого жол берген макалалардан улам журналисттер жоопкерчилик тартып калышы мүмкүн экенин эскертти.

Мамбеталиев менен журналисттердин жолугушуусу 13-март күнү Ош шаарында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы жалпыга маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган «Экстремизм жана терроризм - жалпы коомчулуктун көйгөйү» аттуу семинардын алкагында болду.

Окутууну ИИМ, "Рух Медиа" диний журналистика борбору жана «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» эл аралык уюму бирге уюштурган. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG