Орусиялык маркум оппозиционер Борис Немцовдун санаалаштары анын Донбасстагы салгылашууларда Орусиянын ролу тууралуу жазган баяндамасын апрель айында коомчулукка жарыялайт. Маркум саясатчынын санаалаштарынын бири Илья Яшин Немцов өлтүрүлгөндөн соң анын үйүн полиция тинтип, компьютер жана башка документтерди алып кеткенине карабай, Украинадагы жаңжалдарга байланыштуу ал топтогон маалыматтардын көбү досторунун колуна жеткенин билдирди.
Борис Немцовду 27-февраль күнү Москвада, Кремлге жакын жердеги көпүрөнүн үстүнөн атып кетишкен. Анын санаалаштары буга бийликти күнөөлөп келет. Кылмышка шектүү 5 адам кармалган. (SE)