Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

Бүгүн кызылчага каршы жапырт эмдөө башталат


Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 16-марттан тарта кызылча жана кызамык ооруларына каршы жапырт эмдөө башталат. Эмдөө апрель айында башка аймактарда улантылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди.

Эмдөө 1 жаштан 20 жашка чейинкилерге жүргүзүлөт. Кыргызстанда бул курактагы 2 миллион 307 миң киши бар. Аларды эмдөө үчүн Индиядан 34,4 млн. сомго Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уруксат берген 840 миң доза вакцина алынган.

Январдан бери Кыргызстанда кызылча оорусу кескин тарап кеткен.

Кыргыз медицинасында корь – кызылча, краснуха – кызамык деп аталат. (SE)

XS
SM
MD
LG