Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

Пакистан: чиркөө жанындагы жардыруу курмандыктары 14 кишиге жетти


Пакистан полициясы.

Пакистан полициясы.

Лахор шаарындагы негизинен христиандар жашаган аймакта жанкечтилердин жардыруусунан каза тапкандардын саны 14 адамга жетти. 70 киши жараат алды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, жардыруулар 15-март күнү Йоханабад конушунда католиктердин чиркөөсү менен христиандардын чиркөөсүнүн ортосунда, сыйынуучулар көп топтолгон учурда болду. Жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, эки чиркөөнүн аралыгы 600 метр. Окуяга жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. Алар мындай соккулар дагы болорун журналисттерге атайын билдирүү аркылуу кабарлады. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG