Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Кыргызстанда дизелдик отун кымбаттады


Дыйканчылык үчүн быйыл Кыргызстанга 120 миң тоннадан ашуун күйүүчү жана майлоочу май керектелет.
Дыйканчылык үчүн быйыл Кыргызстанга 120 миң тоннадан ашуун күйүүчү жана майлоочу май керектелет.

Кыргызстан боюнча дизелдик отундун баасы 14-марттан тарта 1 сомго кымбаттады. Бул тууралуу “Азаттыкка” күйүүчү май ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Медетбек Керимкулов билдирди. Анын айтымында, соңку кундөрү суроо талап күчөп, Орусиянын заводдорунда баа 17-20 пайызга өскөн. Мындан тышкары АКШ долларынын туруксуз болушу да буга себеп болууда. Керимкулов жазгы айдап-себүү иштеринде май таңкыстыгы болбой турганын, дыйкандарга жеңилдиктер менен дизелдик отун берилерин кошумчалады.

Кыргызстан күйүүчү жана майлоочу майды дээрлик Орусиядан ташыйт. Дыйканчылык үчүн 120 миң тоннадан ашуун күйүүчү жана майлоочу май керектелет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG