Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Келе жаткан Нооруз күнү “Курманжан датка” тарыхый тасмасы Коомдук телерадио корпорациясынан көрсөтүлөт. Бул тууралуу КТРКнын директорунун милдетин аткаруучу Илим Карыпбеков өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. Толук метраждуу, эки сериялуу "Курманжан датка" тарыхый көркөм фильми былтыр тартылып бүтүп, ушул убакка чейин бир нече эл аралык сынактарга катышты. Тасманын бет ачары 2014-жылы 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата көрсөтүлгөн. Тасманы "Айтышфильм" студиясы "Кыргызфильм" студиясы менен биргеликте тарткан. Режиссеру - Садык Шер-Нияз.(ZA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG