Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Сириядан кайтып келген эки жаран соттолду


Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун эки тургуну соттун чечими менен 5 жана 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу тартип коргоо органдарынан “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Суунун Кашкар-Кыштак айылынын эки тургуну Сириядан кайтып келген соң кармалган.

Өткөн аптада Ош облустук соту Сирияга кеткендерге байланыштуу дагы бир ишти карады. Анда айыпталуучуларды 2 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратуу суралды.

Тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, жалпысынан Кыргызстандан Сириядагы согушка кеткендердин саны 230дан ашуун. Булардын арасында аялдар да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG