Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Атамбаев менен Путин түштөн кийин жолугушат


Путин менен Атамбаевдин Сочидеги жолугушуусу, 7-февраль, 2015.
Путин менен Атамбаевдин Сочидеги жолугушуусу, 7-февраль, 2015.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путиндин Санкт-Петербургдагы сүйлөшүүсү бүгүн күндүзгү үчтө (Бишкек убактысы боюнча) башталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Бул жолугушууда эки президент Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна мүчө болуу жараянын талкуулаары кабарланган.

Бул кездешүү Путиндин ооруп жатканы тууралуу ушак-айың тараган учурга туш келүүдө. 62 жаштагы Владимир Путин он күндөн бери коомчулукка көрүнө элек. Анын Казакстанга өткөн жумага белгиленген иш-сапары да токтотулган. Путиндин ден соолугу начарлап кеткени тууралуу сөздөр айтылууда. Кремлдин басма сөз кызматы муну четке кагып келатат.

Ал арада “Дождь” телеканалы Путин Новгород облусундагы резиденциясында дарыланып жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG