Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

Ак үй алдына чыккандар өкмөттү кетирүүнү талап кылышты


“Кыргыз эл жаштар кеңешинин” 40ка жакын өкүлү бүгүн Ак үй алдына митингге чыгып, өкмөттү кетирүүнү жана парламентти таратууну президент Алмазбек Атамбаевден талап кылышты. Кеңештин жетекчиси Алмазбек Жазыбаев жаштар чет элдик жарандарга кыймылсыз мүлк сатып алууга уруксат берген өкмөттүн токтомуна каршы экенин, эшек этине байланыштуу ишти иликтеп, күнөөлүлөрдү жазалоону, анын ичинен Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын башчысы Юруслан Тойчубековдун жоопкерчилигин кароону суранып жатышат. Ошондой эле азыркы жетекчилер, партия лидерлери 2010-жылдагы убадасын аткарбай жатышканына нааразылыгын билдиришүүдө. Буга байланыштуу кайрылуу президенттин аппаратына тапшырылды. Алар эгер талаптары аткарылбаса мөөнөтсүз митингге чыгышарын белгилеп жатышат. Айрым маалымат каражаттары митингге 10дой адам чыкканын жазышты.

Буга чейин эшек эти союлган жай Юруслан Тойчубековго таандык экени жазылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG