Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Бекназаров: Авторитардык режим кайтып келишине кызыктар адамдар бар


Азимбек Бекназаров "Азаттыкта"

Азимбек Бекназаров "Азаттыкта"

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров Вашингтондо Карнеги корунда доклад жасады. Анда Кыргызстандын парламентинде, өкмөттө жана президенттин аппаратында авторитаризм режимине көнгөн адамдар иштеп, аларга парламенттик система жакпай жатканын айткан. Ошондой эле авторитардык режимди алып келүүгө кызыктар адамдар бар экенин белгилеген. Бул тууралуу оппозициялык кыймылдын мүчөсү Самсалы Четимбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Кыргызстандын азыркы бийлиги өз кызмат ордун сактап калуу үчүн элдин пикири менен эсептешпей, ички жана сырткы саясатты жүргүзүүдө мурдагы президенттер кетирген кемчиликтерди кайталоодо”, - деп жазылган Бекназаровдун докладында. Ал Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча келишим юридикалык жактан туура эмес, саясий ката болгонун, мындай багыттагы документке кол коюуга президенттин ыйгарым укугу жок болгонун мисал келтирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков баштаган Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү өткөн айда АКШда бир катар саясатчылар менен жолугушуп келген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG