Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Токтогулда Сарпашев катышкан жыйында чыр чыкты


Токтогулдагы митинг, 5-февраль, 2015.
Токтогулдагы митинг, 5-февраль, 2015.

Токтогул районунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана өкмөттүн аппарат башчысы Нурканбек Момуналиев катышкан жыйында чыр чыкты. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар районду өнүктүрүү программасын чуу салып көргөзбөй коюшту. Алар жыйындын күн тартибине кирбеген энергетика тарифи боюнча талаптарын айтышууда. Райондук администрациянын залында өтүп жаткан жыйынга 300дөн ашуун киши катышууда.

Токтогул районунун тургундары буга чейин да эки ирет митингге чыгып, энергетика тарифин төмөндөтүүнү талап кылышкан. (КЕ/RsK)

XS
SM
MD
LG