Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Сарпашев: мага каршы чыккандар атайын даярдалган


Бул тууралуу бүгүн Токтогулда эл менен жолугушууга барган биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Бүгүн Токтогулда жергиликтүү тургундар жыйындын башында районду өнүктүрүү программасын чуу салып, көргөзбөй коюшкан. Алар жыйындын күн тартибине кирбеген энергетика тарифи боюнча талаптарын айтышкан болчу. Районду өнүктүрүү программасы көрсөтүлө баштаганда залдагылардын жарымы чыгып кеткен. Сарпашев каршы чыккандар атайын даярдалган топ экенин, шайлоо алдында айрым саясатчылардын оюну экенин белгиледи. Ал энергетика тарифин арзандатуу талабы толук чечилбей турганын кошумчалады. (КЕ/RsR)

XS
SM
MD
LG