Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:15

АКШ Кыргызстанга демократия жаатында колдоо көрсөтүүнү улантат


Бул тууралуу президент Барак Обаманын атайын жардамчысы Селеста Уолландер Кыргызстандын Вашингтондогу элчиси Кадыр Токтогулов менен жолуккан учурда билдирди. Сүйлөшүү өткөн жума соңунда болгонун Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Жолугушууда буга чейинки кызматташуу жана аны мындан ары өркүндөтүү маселеси талкууланды. Уолландер Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндөгү жалгыз демократиялык мамлекет экенин, Вашингтондун колдоосу улана берерин айтты.

Тараптар билим берүү жана диний коопсуздук жаатында да кызматташтыкты жандантуу зарылдыгын белгилешти. (SE)

XS
SM
MD
LG