Ош шаардык кеңешинин депутаттары калаа тургундары кыштан кантип чыкканын жана быйылкы суук мезгилдеги чыгымдар боюнча көчмө жыйын курат. Бүгүн эл өкүлдөрү Жылуулук борборуна, Жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык мекемеге, “Ошэлектр” ишканасына жана кабаттуу үйлөргө барып, андагы абал менен таанышат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ош шаарында тургундар көбүнчө жылуулук берүү начар экенин, жарык көп өчүрүлөрүн айтып нааразы болушат. Калаага газ берүү өткөн жылдын апрелинде токтотулуп, декабрдын аягында бериле баштаган. (SE)