Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Жапаров: Кыргызстанда радикал багыттагы мечиттер жок


Кара-Суудагы "Ас-Сарахсий" мечити, 13-февраль, 2015
Кара-Суудагы "Ас-Сарахсий" мечити, 13-февраль, 2015

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Терроризмге каршы борбордун жетекчиси Таалай Жапаров “Азаттыкка” маегинде Кыргызстандагы мечиттердин баары көзөмөлдө турганын билдирди. Анын айтымында, радикал көз карашты кармаган, жихадга чакырган мечиттер жок. Учурда тартип коргоо органдары дин адамдары, мечиттегилер менен бирге иштешип, жарандардын Сирия, Ооганстан өңдүү өлкөлөрдө согуштук аракеттерге катышуусун алдын алуу аракетин көрүүдө.

Ушул жылдын февраль айында Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Ас-Сарахсий" мечитинин имамы Рашод Камалов эки айга камакка алынган. Милиция аны буга чейин экстремизмге чакырык жасаган, Кыргызстанда халифат курууга аракет кылган деп айып тагып келсе, бул жолу Сирияга адамдарды жөнөткөн деп да күнөөлөп жатат. Күч кызматтарынын кабарлашынча, ал өз мечити аркылуу үгүт жасап, 30-40тай жаранды Сириядагы согушка жиберген деп шектелүүдө. Тартип коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Сииряга кеткен кыргызстандыктардын саны 230дан ашуун. (КЕ)

XS
SM
MD
LG