Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Аксылыктар макамын апрелчилерге теңөөнү талап кылышты


Аксы окуясынын курмандыктарына арналган эстелик, Аксы, 17-март, 2012
Аксы окуясынын курмандыктарына арналган эстелик, Аксы, 17-март, 2012

Бүгүн Аксы районунун Боспиек айылында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмияновдун катышуусунда 13 жыл мурунку кандуу окуянын курмандыктары эскерилди. Аксы окуясынын катышуучусу Максатбек Момуналиев өздөрүнүн макамын апрелчилерге теңөөнү, ошондой жеңилдиктерди, орден, медалдарды берүүнү талап кылды. Ошондой эле элге ок аткандар жазага тартылбаганына нааразылыктар айтылды. Катышуучуларга жардам катары өкмөттөн 100, областтык бийликтен 50 миң сом каражат бөлүндү.

Аскар Акаевдин бийлиги учурунда, 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына каршы ок атылып, алты киши каза тапкан. (КЕ/RsK)

XS
SM
MD
LG