Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Жээнбеков: Президент чет элдик ишкерлер менен жашыруун сүйлөшө албайт


Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбеков

Президент Алмазбек Атамбаев Орусияга баратып, Молдовага бейрасмий сапар менен токтой кетиши боюнча маалыматтардан соң Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, депутат Равшан Жээнбеков президентке бир канча суроолор менен кайрылды. Анда "Молдовага жашыруун учуп барганыңызды же барбаганыңызды коомчулук алдында ачык жана так айтууңузду талап кылам. Эгер чын болсо эгемен Кыргыз мамлекетинин президенти чет элдик менчик «Nobil Air» авиакомпаниясынын «Embraer Legacy 650» самолету менен учууга акысы барбы, же жокпу?Самолеттун учуу акысын ким тарабынан төлөндү? Эгемендүү мамлекеттин президенти катары чет элдик ишкер менен жолугушуу үчүн Молдовага учуп барууга эмне себеп болду? Жолугушууда кандай маселе талкууланды? Мындай жашыруун жолугушуулар 1990-жылдары чет элдик ишкер Б. Бирштейн менен болгон жашыруун сүйлөшүүлөрдү эске салбайбы? Мындай коррупциялык саясат Кумтөрдөгүдөй аянычтуу абалга алып келбейби?", - деген суроолор коюлган.

Атамбаевдин Молдовага жасаган бейрасмий сапары туурасында президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков бүгүн жооп берип, Кишиневдогу жолугушуу тууралуу айтуу азырынча эрте экени, бирок кандай гана болбосун бул Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасалганын белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG