Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Иран жана Р5+1 ядролук сүйлөшүүдө мунаса таба элек


Тегерандын ядролук программасы боюнча АКШ жана башка бакубат мамлекеттер Иран менен мунаса таппай жатат. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф 16-мартта Лозаннада АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен болгон кездешүүдөн кийин: “Бир чечимге жетүү мүмкүн, бирок ортодо ажырым болууда,”- деп билдирди.

Иран парламентинин тышкы саясат жана улуттук коопсуздук комиссиясынын мүчөсү Мохаммед Азефари дүйшөмбү күнү Кытайдын CCTV телеканалына берген интервьюда:" Биз Батыштан Иранга каршы бардык санкцияларды алып салуунун анык планын сунуш кылууну талап кылышыбыз зарыл. Ирандан ядролук программасын токтотууну талап кылып жатып, санкцияны кармап туруу мүмкүн эмес. Санкция токтотулушу абзел,”-деди.

Былтыр ноябрда Иран жана Р5+1 (АКШ, Британия, Орусия, Кытай, Германия) тобу кортунду келишимдин негизин 31-мартка чейин иштеп чыгабыз деп макулдашкан. Финалдык келишимге июнда кол коюлуу керек. Андан соң БУУ, ЕБ жана АКШ Иранга каршы киргизилген экономикалык санкцияларды алып салмакчы.

XS
SM
MD
LG