Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Пакистанда 12 киши дарга асылды


Былтыр декабрда өлүм жазасына мораторий токтотулгандан бери бир күндө мынча көп адам дарга асыла элек болчу. 17-мартта дарга асылгандардын арасында террорчулар, адам өлтүргөн жана башка акылга сыйгыс кылмыштарды жасагандар бар, деп билдирди Ички иштер министрлигинин өкүлү.

Премьер-министр Наваз Шариф өлүм жазасына мораторийди 17-декабрда алып салган. Андан бир күн илгери Пакистан талиптери Пешаварда мектепке чабуул жасап, 132 окуучу жана 9 мугалим өлгөн.

Адам укугун коргоочулардын ырасташынча, 8 миңден ашуун адам өлүм жазасына тартылып, өкүмдүн аткарылышн күтүүдө. Алардын көбүнүн күнөөсү сотто ишенимдүү далилденген эмес, дешет пакистандык укук коргоочулар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG