Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Нарында малды кутурмага каршы эмдөө уланууда


Нарында Сары-Иймек жана Жибек-Жолу айылдарында жалпысынан 133 баш майда жандык, 36 баш топоз жана 10 баш жылкы кутурмага каршы эмделди. Эмдөө үчүн жалпысынан 3000 доза вакцина алынып келинген. Бул тууралуу Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынан “Азаттыкка” кабарлашты. Ошондой эле кутурма оорусу чыккан Жибек-Жолу айылындагы мал жаткан 50 чарчы метр жер дезинфекцияланды.

Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери кутурма оорусу чыккан аймакта жашаган жергиликтүү элди толук медициналык кароодон өткөрүшкөн. Аталган инспекциянын маалыматына ылайык, кутурма башка малдан чыккан эмес. Учурда түлкү жана башка жолбун жандыктарды атуу иштери жүрүп жатат.

Өткөн аптада аталган аймактарда бир бука, бир козу жана бир эчки кутурмага кабылганы аныкталган. Кийиинчерек1 козу, 1 эчкиден кутурма чыккан. (КЕ/MiK)

XS
SM
MD
LG