Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Кызылчага каршы эмдөө тынч өтүүдө


Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы эмдөөдөн кийин абалы оорлоп кайрылгандар болгон жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди.

16-марттан тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 1 жаштан 20 жашка чейинкилер үчүн кызылча жана кызамык ооруларына каршы жапырт эмдөө башталган. Эки жума ичинде 443 миңге жакын адам эмделиши керек. Ушул убакка чейин 70 миңден ашууну эмделди. Казакстандагы окуядан кийин айрым ата-энелер чочулап жатышканын айтып, кайрылышкан болчу.

Казакстандын Маңгыстау облусу жана Темиртау шаарында 100дөн ашуун өспүрүм эмдөөдөн кийин абалы начарлап, ооруканага жаткырылган. Ушундан кийин вакцина экспертизадан өткөрүлүп, эмдөө убактылуу токтотулган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG