Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Луганск менен Донецкте согушуп жүргөн кыргызстандыктар бар


Лугансктагы украин аскерлери, 25-февраль, 2015
Лугансктагы украин аскерлери, 25-февраль, 2015

Бул тууралуу өзүн Украинанын Луганск облусунда согушуп жүрдүм деп тааныштырган Манас аттуу кыргызстандык (аты өзгөртүлдү – авт.) бүгүн “Азаттыкка” маегинде билдирди. Анын айтымында, өзүн Луганск элдик республикасы деп атап алган аймакта 17дей кыргызстандык согушуп жүрөт. Кандуу кагылышта каза болгон эки жарандын сөөгү Кыргызстанга алынып келинди. Алардын бирөө Токтогул районунан, экинчиси таластык экени айтылды. Дагы эки жарандын сөөгүн алып келүүгө мүмкүн болбой калган. Манас аттуу жаран “Азаттыктын” кабарчысына Луганскта жүргөн документтерин, кийимдерин көрсөтүп, Донецк жана Луганскка согушуу үчүн сырттан келген жикчилдердин сөөгү көп учурда мекенине чыгарылбай тез арада жок кылынарын айткан. Ал өз коопсуздугу үчүн тынчсызданып, башка мамлекетке чыгып кетүүнү көздөп жатканын билдирди.

Кыргызстандын күч түзүмдөрү Донецк жана Луганскта согушуп жургөн кыргызстандыктар туурасында расмий маалымат жок экенин айтышкан болчу. (КЕ/SA)

XS
SM
MD
LG