Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 330дан ашты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Терроризмге каршы борбордун жетекчиси Таалай Жапаров билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Сирияга кеткендердин расмий саны 338ге жетти. Алардын ичинен 38и каза тапкан. Бул Сирияга барып келгендерден, ошол жакта жүргөндөрдүн туугандарынан такталган маалыматтар. Биринчи кезекте согушкерлер медициналык билими бар, анан ашпозчулукту жакшы өздөштүргөн жарандарды тартууга кызыкдар. Жапаров Сирияга кеткен кыргызстандыктардын бейрасмий саны мындан көп болушу ыктымалдыгын четке каккан жок.

УКМК буга чейин Сирияга азгырган төрт канал ачыкталганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG