Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Келдибековдун иши боюнча күбөлөр суралды


Бүгүн Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, депутат Акматбек Келдибековго байланыштуу ишти карады. Сотто күбө катары “Бизнес партнер” ишканасынын жетекчиси Аскар Байболов көрсөтмө берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Келдибековдун коомдук жактоочусу Мамбетжунус Абылов билдирди. Анын айтымында, Байболов аталган компания 2009-жылдан бери салык төлөөчүлөргө патент сатышканын, мыйзамсыз иштер болбогонун билдирген.

Башкы прокуратуранын буга чейин билдиргени боюнча, Келдибеков Салык кызматында жетекчи болуп турганда “Бизнес партнер” деген компания аркылуу “Аламүдүн базары" жана “Дордой плаза” ишканаларынын 1 миллион 300 миң сомдук салыгы өлкө бюджетине түшпөй калган.

“Ата Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып 2013-жылдын күзүндө камалган. 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет өлкөгө дарыланууга кетип, Кыргызстанга 10-февралда кайтып келген.

Күбөлөр толук келбегендиктен сот 26-мартка жылдырылды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG