Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Түркияда ТАНАП куурунун курулушу башталды


Түркиянын Карс шаарында Трансанадолу газ куурунун (ТАНАП) курулушу башталды. Бул аземге Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжан президенти Илхам Алиев, Грузия президенти Георгий Маргвелашвили жана Европа кеңешинин отун энергия боюнча төрага орун басары Марос Шефчович катышты. Адепки планга ылайык, Азербайжандын Шахдеңиз-2 кенинин газы пайдалануудагы Түштүк Кавказ кууру менен Грузия аркылуу ТАНАПка барып кошулуш керек. 1850 чакырымдык ТАНАП 2018-жылы бүтсө, азербайжан газы андан ары Европага ташыла баштайт. Евробиримдик ТАНАПты Түштүк газ коридорунун бир салаасына кошкон.

XS
SM
MD
LG