Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Кызыл Чырым Вануатуда жабыркагандарга жардам берүүгө чакырды


Вануату республикасынын картадан көрүнүшү

Вануату республикасынын картадан көрүнүшү

Вануату республикасында болгон циклон 24 кишинин өмүрүн кыйды. Кызыл Чырым уюму дүйнө коомчулугун жапа чеккендерге жардам берүүгө чакырып, бул үчүн 3 миллион доллардан ашуун каражат зарылдыгын билдирди.

13-14-март күндөрү ылдамдыгы саатына 300 километрге жеткен катуу бороон-чапкын аймакка эбегейсиз зыян алып келгени айтылат. Тургундар таза сууга, тамак-ашка жана коопсуз жайларга көчүүгө муктаж болууда.

Өкмөттүн билдиргенине караганда, жабыркагандардын саны 130 миң киши. Бул сан өлкө тургундарынан тең жарымын түзөт.

Вануату республикасы Австралия жана Соломон аралдарына жакын жайгашкан мамлекет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG