Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Бишкекте Карганбек Самаковго каршы митинг өтөт


Карганбек Самаков.
Карганбек Самаков.

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковду “Бишкектин жака-белиндеги жерлерди мыйзамсыз алган” деп айыптагандар бүгүн депутатка таандык "Давос" компаниясынын жанында нааразылык акциясын өткөрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны уюштуруп жаткандардын бири, активист Нурлан Асанов билдирди.

16-март күнү Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Байтик жана Кара-Жыгач айылынан келгендер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, Самаковдун жоопко тартылышын талап кылган. Депутат өзү бул боюнча пикирин билдире элек. Бирок анын тарапкерлери окуяны Самаковду жаманатты кылуу аракети катары баалап жатышат.

Айыл тургундары депутат 42 гектар жерди мыйзамсыз сатып алганын айтып, буга чейин да бир канча ирет нааразылык билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG