Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

Бишкекте Беларус элчилигине каршы кезектеги пикет болот


Өндүрүш Токтонасыров Беларус элчилигинин жанында уюштурган пикеттердин бири. 12-август, 2012-жыл.

Өндүрүш Токтонасыров Беларус элчилигинин жанында уюштурган пикеттердин бири. 12-август, 2012-жыл.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдына кезектеги нааразылык акциясына чыгат. Активист “Азаттыкка” билдиргендей, бул ирет да мурдагы талаптарын айтып, Беларус менен Кыргызстан ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын токтотулушун талап кылат.

Өндүрүш Токтонасыров Минскиге 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабын коюп, бир канча жылдан бери ар кандай нааразылык акцияларын уюштуруп келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG