17-март күнү Бишкекте алыш бел боо күрөшү боюнча Баяман Эркинбаевдин элесине арналган эл аралык мелдеш болду. Ага 18 мамлекеттен 110 балбан катышты. Эркектер арасында алты салмакта, кыз-келиндер арасында беш салмакта байгелер ойнотулду.
Мелдеш жыйынтыгында 8 алтын, 6 күмүш, 12 коло байгени Кыргызстан, 2 алтын, 1 күмүш, 3 коло байгени Өзбекстан, 1 алтын, 3 күмүш, 5 коло байгени түркмөнстандык балбандар утуп алышты. Тажикстандын эсебинде бир күмүш байге бар.
Биринчи орунду алган балбандарга 800 доллар, 2-орунга 400 доллар, 3-орунга 200 доллар ыйгарылды.
Байге фонду 1 миллион сомду түзгөн турнирди Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүү борбору “Алыш” федерациясы менен бирге уюштурган. (ECh)