Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

Укук коргоочулар Аксы окуясын эскеришти


Бүгүн Бишкектеги Ала-Тоо аянтына укук коргоочулар тобу Аксы окуясынын 13 жылдыгын эскерүүгө чогулушту. Анда арадан 13 жыл өтсө да бул кандуу окуяга адилет баа берилбегени, жапа чеккендер соттон адилет чечим күтүп келишкени тууралуу сөз болду.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, 6 адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөнгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.

Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Акаевдик бийликтин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын бир даары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баары аз өтпөй эле мунапыска туш келишкен. Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да Аксы окуясы боюнча иш кайра козголуп, бирок Жогорку Сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган. 2011-жылы азыркы бийлик да Аксы окуясы боюнча сот иштерин кайрадан карап чыгууга киришип, бирок чыккан чечимдерде олуттуу өзгөрүү болгон эмес.

XS
SM
MD
LG