Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Бишкекте он сегиз күндүк "Манас" айтуу башталды


Бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада “Алтын доор жана Тайтору” деген ат менен "Манас" айтуучулардын он сегиз күндүгү башталды. "Манас" эл коомдук фондунун төрагасы, Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, иш-чаранын негизги максаты манасчылардын айтуу жөндөмдүүлүгүн такшалтып, жаңы манасчыларды таап, элге тааныштыруу. Уюштуруучулар "Манас" айтуунун он сегиз күнгө созулушунун себебин күн менен түн 18-мартта теңелери жана кыргызда эзелтен он сегиз миң аалам деген түшүнүк бар экени менен түшүндүрүүдө.

Иш-чаранын алкагында "Манас" эпосу боюнча чыккан китептер, Манас таануучулардын эмгектери коомчулукка сунушталат.

Кыргызстан Манас, Семетей, Сейтек үчүлтигин ЮНЕСКОго маданий мурас катары каттатып жатканда эпосту жайылтуу боюнча милдеттеме алган. Аталган иш-чара ушуну менен бешинчи жылы өткөрүлүп жатат. (ZA\AzK)

XS
SM
MD
LG