Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Мурдагы айыл чарба министрине карата сот өкүмү күчүндө калды


Мурдагы айыл чарба министри Чыңгысбек Узакбаевге карата райондук сот чыгарган өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Жогорку Соттон маалымдашкандай, буга чейин Биринчи май райондук соту Чыңгысбек Узакбаевди 5 миллион сом доого жыккан.

Экс-министр Чыңгысбек Узакбаевге 2014-жылдын 3-мартында Кылмыш кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш иши козголгон.

2010-жылы АКШ Кыргызстанга 20 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлгөн. Кыргыз өкмөтү бул каражаттын 7 миллион долларын мал чарбачылык секторуна бөлүүнү караштырган. Тергөөнүн жүрүшүндө Чыңгысбек Узакбаев 419 миң доллар өлчөмүндөгү кредитти алчулардын тизмесине “Бапа” дыйкан чарбасын киргизүүнү буйурган. Аталган чарба жетекчиси экс-министрдин тууганы экени аныкталган. Мындан тышкары бул чарба насыя алуунун талаптарына жооп бербеген жана тийиштүү документтерин берген эмес. (AzK)

XS
SM
MD
LG