Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Аялдар арасында аракечтик көбөйүүдө


Республикалык наркология борборунун аялдар бөлүмүнүн башчысы Чынара Кожомуратованын “Азаттыкка” билдиришинче, 2014-жылы аракка берилип кеткендердин жалпы саны 39 миң 661 киши болгон. Алардын 4 миң 246сы аялдар.

Аракка берилгендердин арасында 17 жаштан 60-70 жашка чейинки жарандар бар. Бирок алардын басымдуу бөлүгүн пенсия курагындагылар ээлейт.

Адистердин айтымында, аракечтикке той-топурлардын көп болушу, жокчулук себеп болууда. Өзгөчө аялдар арасындагы аракечтик Советтер союзу кулагандан тарта көбөйүп, алардын саны азайбай келет. (AzK\KE)

XS
SM
MD
LG