Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Дордойго ташталган унаанын ээси табылбай жатат


Мындан он күн мурда Бишкектин четиндеги Дордой жаңы конушунун 8-көчөсүнүн чок ортосуна белгисиз бирөө күмүш түстүү Ауди үлгүсүндөгү машинаны таштап кеткен. Аталган көчөнүн тургуну Жаныбек Абдыбековдун "Азаттыкка" айтымында, анын ээси кайрылып келбегендиктен участкалык милицияны чакырышкан. Милиция алдын-ала маалыматтар боюнча, бул машинанын ээси орус улутундагы жаран экендигин аныкташкан. Бирок ал буга чейин машинаны башка бирөөгө сатып жибергенин, сатып алган жаран туурасында маалыматы жоктугун билдирген.

Кечээ 8-көчөнүн тургундары өз ара кеңешип, кароосуз калган унааны бирөө-жарым талкалап кетпесин деген максатта аны Бакыт Абдыбеков аттуу жарандын короосуна түртүп киргизип коюшкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG