Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун бийликтеги Ликуд партиясы жалпы шайлоодо жеңди. Соңку маалыматтарга караганда, оңчул партия 120 орундуу парламентте 30 мандат алды. Оппозициянын лидери Ицхак Херцог Нетаньяхуну «куттуктап ийгилик каалаганын» билдирди. Экзит-полдор көрсөткөндөй, Херцогдун «Сионисттер биримдиги» 24 орунга ээ болушу мүмкүн. Ал эми шайлоого чейинки сурамжылоолордо «Ликуд» утулушу ыктымал деп болжолдонуп келген. Нетаньяху эми коалициялык өкмөт түзүү үчүн оңчулдар жана диний партиялар менен сүйлөшүү жүргүзмөкчү.

Мунаса табылса, Нетаньяху ушуну менен төртүнчү ирет премьер болуп калмакчы. Буга чейин Израилде бир да өкмөт башчы мынча узак мөөнөт бийликте турган эмес. Шайлоо кампаниясы учурунда Нетаньяху Палестина мамлекетин түзүүгө жол бербесине убада кылып келди.

Байкоочулар анын жеңиши Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси үчүн залака тийгизерин айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG