Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстандын Кытайга эле карызы 1 млрд. 800 млн. долларга жетип барды. Анын ичинен Кыргызстанга Кытайдан келип түшкөн каражат 1 млрд. 116 млн. долларга жакын сумманы түзөрүн Финансы министрлигинин маалымат катчысы Назарбек Малаев тастыктады.

Бирок Кыргызстандын тышкы карызы боюнча эки башка сан айтылып келет. Ошондуктан азыркы кезде мамлекеттин тышкы карызынын өлчөмү канча экенин так айтуу кыйын. Маселен, Каржы министрлигинин расмий билдирүүсү боюнча, 2015-жылдын башына карай тышкы карыздын өлчөмү 3 млрд. 437 млн. долларды түздү. Бул Кыргызстандын 2014-жылкы ички дүң өнүмүнүн 51% барабар.

Бирок жөнөкөй эле эсептер жана фактылар тышкы карыздын өлчөмү Каржы министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн суммадан бир топ көп экенин аныктайт. 3 млрд. 437 млн. доллардын ичине Кытайдан Кыргызстанга өткөн жылдары түшкөн 1 млрд. 116 млн. доллар гана киргизилген. Финансы министри Ольга Лаврованын эсеби боюнча, келген жана келип жаткан Кытай насыяларынын өлчөмү 1 млрд. 800 млн. долларга жеткен.

Кыргызстандын Орусияга карызы да 300 млн. доллар деп гана көрсөтүлгөн. Чындыгында өткөн жылы Орусиядан жаңыдан 100 млн. доллар келип түштү. Андан сырткары Бажы биримдигине кирүү үчүн 200 млн. доллар, Жогорку Нарын ГЭСтери үчүн бөлүнгөн каражаттар да келип түшүүдө. Азия өнүктүрүү банкынан Токтогул ГЭСин реабилитациялоо үчүн да жакында эле 110 млн. доллар бөлүндү.

Мына ушул суммалардын баарын кошуп келгенде Кыргызстандын тышкы карызы 4.5 млрд. долларга жакындап барганы анык болот. Буга 200 млн. доллардан ашуун ички карыз кошулат. (AiT/SM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG