Ооганстандын Хелманд чөлкөмүндө жүк ташыган машина жарылып, бери дегенде 7 киши мерт кетти, 40ка жакыны жараланды. Жардыруу Лашкар Га шаарчасында чөлкөмдүн жетекчилери – губернатор, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана полициянын башчысы жашаган комплекстин жанында болгон.
"Талибан" кыймылы Твиттердеги баракчасында кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. 10 чакты күн мурун ушул эле шаарда жан кечтинин жардыруусунан 7 киши набыт болуп, 20дан көбү жараат алган. Ооганстандын коопсуздук күчтөрү өткөн айда бул чөлкөмдө талип согушкерлерине каршы операция башташкан.
15-мартта өкмөт аскерлери Хелмандда “Ислам мамлекети” радикал тобуна мүчө делген 10 согушкерди өлтүрүшкөнүн маалымдаган. Өлгөндөрдүн арасында топтун чөлкөмдөгү жетекчиси да бар болчу.