“Кыргызалтын” ишканасынын башчысы Токон Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, өкмөттүк делегация Центерра менен сүйлөшүүдө экология маселесине басым жасап жатат. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик экотехинспекция менен Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги тарабынан сотко берилген доо арыздардын баасы 20 миллиард сомдун тегерегинде болду. Кумтөрдө экологиялык экспертиза жүргүзгөн америкалык АМЕК компаниясынын сунушу боюнча кыргыз өкмөтү рекультивациялык фонддогу акчанын суммасы 2026-жылы 69 миллион доллар болушу керектигин билдирүүдө. Токон Мамытовдун маалыматында азыр аталган фонддо болгону 17 миллион доллар бар, бирок бул сан 56 миллион доллар болушу зарыл.
Ошондой эле "Центерра" айлана-чөйрөнү булгаганы үчүн жыл сайын Кыргызстанга 310 миң доллар төлөп келсе, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бул көрсөткүчтү 10 эсеге көбөйтүп, 3 миллион доллар төлөнүүсү талап кылынууда.
Жогорку Кеңеш өкмөткө 26-февралдагы токтому менен Кумтөр боюнча жаңы келишимди түзүп келүүгө бир ай мөөнөт берген. Эгерде келишимге жетишилбесе, анда өкмөт ал мезгилге карай Кумтөрдү улутташтыруу боюнча мыйзам долбоорун да даярдап келүүгө тийиш.(AzK)