Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Франкфуртта полиция менен демонстранттар кагылышты


Германиянын Франкфурт шаарында Европа борбордук банкынын жаңы баш кеңсесинин ачылышына каршы чыккан демонстранттар менен полиция кагылышты. Тартип коргоочулар 300дөй кишини камап кетишти. Нааразылык акциясынын уюштуруучулары ага 10 миңдей кишинин катышканын айтууда. Маалыматтарга караганда, демонстранттар полицияны таш бараңга алып, бир нече машинеге өрт коюшту.

Банктын жаңы имараты полициянын курчоосуна алынды.

Акцияга чыккандар Европа банкы евро мейкиндикке кирген өлкөлөрдөгү катаң чараларды киргизүүдө жана капиталисттик системаны жайылтууда чоң роль ойнойт деп ырасташууда.

Бүгүнкү тополоңдон улам шаар бийлиги трамвайларды жүргүзбөөнү чечти.

Эл аралык валюта фонду, Европа комиссиясы менен катар Европанын борбордук банкы бюджеттерди үнөмдөө жана экономикалык реформалар аркылуу фискалдык эрежелерди сактоону камсыздаган үчилтикке кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG