Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Нетаняхунун жеңишинин сыры эмнеде?


Бенямин Нетаняху
Бенямин Нетаняху

Израилдеги жалпы элдик шайлоодо башкаруучу "Ликуд" партиясы күтүүсүздөн жеңүүчү чыкты. Премьер-министр Нетаняхунун жетегиндеги “Ликуд” партиясы 120 орундуу парламентте 30 мандатка ээ болорун добуштарды саноо көрсөтүүдө.

Оппозициячыл “Сионисттер биримдиги” блогунун төрагасы Ицхак Герцог 18-мартта Бенямин Нетаняхуну жеңиши менен куттуктап, ийгилик каалады.

Израилде 17-мартта болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгы социологдор боолгогондон такыр тескери чыкты. Шайлоо алдында өлкөнүн негизги эки гезитинде басылган сурамжылоолор оңчул “Сионисттер биримдиги” блогу 25-26 мандат, солчул “Ликуд” партиясы 21-22 мандат аларын көрсөткөн.

Израилдин Channel 2 телеканалы шайлоо күнү жарыялаган экзит-полл боюнча Бенямин Нетаняхунун партиясы 28 мандат жана Ицхак Герцогдун блогу 27 мандат алыш керек эле. Дээрлик бардык бюллетендер саналып бүткөндөн кийин 120 орундуу парламентте “Ликуд” 30, “Сионисттер биримдиги” 24 мандатка ээ болору айкын болууда.

Израилдеги шайлоонун жүрүшүнөн бир көрүнүш
Израилдеги шайлоонун жүрүшүнөн бир көрүнүш

“Бул социологдор үчүн чоң жаңылыштык. Жаңылганын жана сурамжылоо же анын усулу туура эмес болгонун алар өздөрү да мойнуна алышты”, - деди израилдик журналист Александр Баршай.

Израилдин 67 жылдык тарыхында жалпы элдик шайлоолордо бир дагы партия көпчүлүк добушту алып, өкмөттү жалгыз түзгөн эмес. Ошондуктан эгер Нетаняху коалициялык өкмөттү түзө алса, төртүнчү жолу министрлер кабинетин жетектейт жана өлкөдө эң узак премьер-министрлик кылган саясатчы болот.

Добуш берүүнүн жыйынтыгын израилдиктер “Биби” деп атаган Нетаняху “Бардык кыйынчылыктарга карабай, бул "Ликуд" үчүн улуу жеңиш” деп сыпаттады. Ал шайлоодон бир күн мурда элге кайрылып, кайра премьер болуп калса, күнкорсуз Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербейм деп убада кылган.

55 жаштагы Бибинин сөзү Вашингтон тараптан токтоосуз сындалды. “Бизди демейде коомдогу кээ бир жетеленме топторго багытталышы мүмкүн ар кандай билдирүүлөр тынчсыздандырат”, - деп 16-мартта билдирген Ак үйдүн өкүлү Жен Псаки.

Нетанянху эки апта илгери АКШ Конгрессинде сүйлөп, Вашингтондун Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен сүйлөшүүсүнө каршы чыккандан бери Ак үй ага нааразы. Бибини Конгресске Республикачылар партиясы чакырган.

Нетаняху 17-марттагы шайлоо күнү болсо солчул топторду израилдик араптарды кодулап, мени өкмөттөн кетирүүгө аракет кылууда деп күнөөлөгөн. Анын береги сөзүн айрым саясый атаандаштары “расизм жыттанат” деп сындашкан.

Ушундан улам кээ бир талдоочулар Нетаняху премьер болсо, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяны ойрон болот деп жоромолдошот.

Ал эми Палестин автономиясынын Израил менен тынчтык сүйлөшүүсүндөгү баш өкүлү Саеб Эрекат 17-мартта "Рейтерс" агенттигине курган маегинде Нетаняхунун премьер-министрлигин төмөндөгүдөй мүнөздөдү:

- Нетаняху мырза эгер кайра Израилдин премьер-министри шайланса, Палестин мамлекетинин жаралышына жол бербейм, конуштардын иши жана тескөө токтотулбайт дебеди беле. Бул шайлоо өнөктүгү үчүн гана айтылган сөз эмес экенинен күмөнүм жок. Ал дилиндеги сөзүн айтты. Ал саясый жашоосунда эки мамлекет чечимин кыйраткандан бөлөк эч нерсе кылбады деп ойлойм.

Деген менен, эмне үчүн Бенямин Нетаняху башындагы “Ликуд” партиясы шайлоодо башка атаандаштарынан көп добуш алды? Бул суроого израилдик журналист Александр Баршай мындай жооп берди:

- Көпчүлүк эл биздин коопсуздугубузду бекем сактап, ал үчүн бекем турган, чегинбес, жерди берүүгө макул болбогон партия үчүн добушун берди. Бул араб эли үчүн да пайдалуу. Себеби азыр бизди күн сайын ташбараңга алышат. Трамвайларга таш атышат. 17-мартта мен жашаган жерде араб айдоочу солдаттарды тепсеп сала жаздады. Палестина мамлекет болсо эмне болот, элестетип көрүңүзчү? Биз ушундан коркобуз. Карапайым араптар да тынчтыкты каалашат. Тынчтык алып келбеген тынчтык үчүн күрөшүүнүн кереги жок. Эл тынчтык алып келбеген тынчтык жараянынан жадады.

Александр Баршай Тел-Авивден 12 чакырым түштүктөгү байыртан Иудей деп аталып келаткан жердин эл-Азар (Кудайдын жардамы) деп аталган конушунда жашайт.

Израилдеги парламенттик шайлоонун корутунду жыйынтыгы 25-мартта жарыяланат. 17-марттагы добуш берүүгө 5, 9 миллион шайлоочунун 72 проценти катышты. Бул акыркы он жылдагы эң жакшы көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG