Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:57

Казакстанда 3 полициячы кыйноолор үчүн соттолду


Казакстанда кыйноолор үчүн айыпталган 3 полициячы соттолду. 17-мартта Актөбө шаарынын соту эки тартип коргоочуну 3 жылга түрмөгө кести. Алар зергердик буюмду уурдаган деп шектелген адамды кыйнагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Үчүнчүсү шарттуу түрдө кесилди.

Активисттер Казакстандагы адам укуктарынын абалы начарлаганын айтып, өлкө бийлигин сындап келатышат.

Укук коргоочу топтор жаза өтөөчү жайларда кыйноолор кеңири жайылганын айтышууда. Бирок адатта андай кылмыштар үчүн полиция кызматкерлери жоопко сейрек тартылат. Өткөн айда Павлодар шаарында полиция кызматкерлери кылмышка шектүү адамды кыйнагандыгы үчүн бир жылга эркинен ажыратылышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG