Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:39

Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды узартышы мүмкүн


Европа биримдиги Орусияга каршы киргизген санкциялардын мөөнөтүн узартышы ыктымал. Бул маселе 19-20-мартта мамлекет жана өкмөт башчылардын Брюсселдеги саммитинде каралышы мүмкүн. Атын атабаган дипломат "Азаттыктын" кабарчысына билдиргендей, биримдиктин төрагасы Доналд Туск Германия жана Франция лидерлери менен Орусиянын мунай жана банк секторлорун бутага алган санкцияларды декабрга чейин узартуу сунушун талкуулап жатат. Дипломат айрым өлкөлөр жазалоочу чараларды узартуу маселесин июнь айында кароону сунуш кылып жатканын кошумчалады. Санкциялар Москванын Украинадагы жаңжалда ойногон ролу үчүн киргизилген.

Маалыматтарга караганда, Брюсселдеги бийик жолугушуунун күн тартибине Орусиянын жалган маалымат таратуу кампаниясына каршы чараларды талкуулоо камтылган. Лидерлер ошондой эле Еврошаркеттин тышкы саясатын жетектеген Федерика Могериниге маалымат каражаттарынын эркиндигин жана европалык баалуулуктарды колдоо боюнча планды июнга чейин иштеп чыгуу тапшырмасын беришмекчи.

Ошондой эле саммит катышуучулары “Чыгыш өнөктөштүк” тобуна кирген Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова жана Украина менен байланыштарды бекемдөөгө үндөшөт жана Грузия, Молдова, Украина менен Ассоциациялык келишимдердин ратификациясына колдоосун билдиришет деп күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG